Сейчас вы находитесь на общем для всех сервере. Он обычно нормальный, но в часы пик может лагать и на нем доступно только невысокое качество. Для просмотра без очереди и качество 1080р лучше оформить подписку

ТАЙГАН | 6-СЕРИЯ | Детективдик сериал 18+

ЭТНОМЕДИА - КИНО
7, 8, 9, 10, 11-сериясын ЭТНОМЕДИА колдонмосунан көрө аласыздар Google Play: https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.etnomedia&pcampaignid=web_share App Store: https://apps.apple.com/kg/app/этномедиа/id1549141080 Кыргыз милициясынын 100 жылдыгынын алкагында тартылган детективдик көркөм сериал бул кесиптин ары оор, ары татаал, опурталдуу, бирок жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу кесип экенин сериядан серияга ачып жүрүп отурат. Сериалдын башкы каарманы Актан атасынын жолун жолдоп, Укук коргоо органдарында ак дилинен кызмат өтөөнү кыялданат. Ошондой бийик максатка умтулган жигит ИИМ Академиясын артыкчылык менен аяктайт. Тажрыйбалуу укук коргоо кызматкери Таалай, Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон кыздардын ишин иликтеп, академиянын жаш бүтүрүүчүсү Актанды уюшкан кылмыштуу топко жашыруун, каймана ат менен киргизет. “Чү” дегенде эле уюшкан кылмышкерлер арасында иштеп баштаган башкы каарман өз өмүрүн ойлобой, керектүү жерде кыраандык менен чечкиндүү кадамдарга барып, терең тамырлап кеткен кылмыштардын бетин ачат...
Loading relative...